четверг, 31 марта 2011 г.

Үч кыл комуз




Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Кыйналып биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз көп сууларды кечип келген,
Эли да комуздай жөп жөнөкөй

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү күүчү, комузчу Нурак Абдрахманов комуздун тарыхы тууралуу мындй дейт.
Комуз маймылдын ичегисинен жаралып, кыздын атынан коюлган - Нарында белгилүү комузчу аксакалдар бар эле. Абдырахман Кыдырбай уулу, Муса Молдоканов ж.б. аксакалдардан укканым боюнча бир кезде Камбар деген мерген токойдо аң уулап кетип баратса, бир башкача сыйкырдуу добуш угулат. Ал добуштун үнү менен акмалап издеп жүрүп барса, бир маймыл бактын башынан кулап келатып, куураган бутакка ичегиси илинип ичи жарылып, өзү жерге кулап түшкөн экен. Ичеги күнгө кургап, көңдөй жыгачтын жогорку бутагынан төмөнкү бутагына чейин илинип калат. Ошентип жыгач менен ичеги шамалга ыргалганда сыйкырдуу добуш угулуп жатпайбы.
           Ушул эле Камбаркандын окуясынын дагы бир бөлөкчө варианты айтылып жүрөт. Аскадан секирип бараткан кийик учуп, бактын башына тийип, аны Камбар таап алып комуз жасаптыр дегендери да бар. Ал эми комуз деп аталып калганынын себеби, Камбаркандын үйүндөгү кичинекей кызыбы, же небересиби, ошол кызынын аты Комуз болгон имиш. Камбаркан аспапты жасап, үйүндө чертип баштаганда эркелетип, дайыма жанына ээрчитип жүрчү кызынын урматына аспапты "комуз" деп атаган экен деген уламыштар ушул күнгө чейин айтылып келет. Комуздун тарых барактарына түшүп калышы окумуштуу Цымациян б.з.ч. 100-150 жыл мурда кыргыз деген улуттун комуз аспабы бар түпкүлүктүү эл экенин жазып калтырган. Демек, комуздун тарых барактарына жазылып калган тарыхынан улам, жанагы айтылып жүргөн уламыштардын чын экенин байкасак болот. Мына, комуздун кыскача тарыхы ушундай.

Комментариев нет:

Отправить комментарий