среда, 20 апреля 2011 г.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ

ТЕМИР КОМУЗ
       Темир комуз — тилдүү какма музыкалык аспап. Узундугу 7—7,5 сантиметр. Ал жаак жана тилден турат. Жаагы темир, жез, күмүштөн жасалат. Темирди көөкөр формасында ийип, ортосуна курч болоттон тил жасайт. Тили добуштуу болгондой кылдат сугарылат. Жаагын мандайкы тиштерге кыпчып, оң колдун сөөмөйү менен тилин кагып күү чыгарат.
         Темир комуз көбүнчө кыз-келиндер, кай бир учурда эркек балдар да кагышат. Темир комуз менен элдик обондор менен класикалык чгармаларга чейин ойношот

ЖЫГАЧ 003 КОМУЗ
         Жыгач ооз комуз — үйлөмө тилдүү аспап. Ал сары жыгач, жылгын, шилби, ыргай жыгачтарынан узундугу 15—20 сантиметр, туурасы 2,2—5 сантиметр сызгычтай жукартылып, жукалыгы 1,5 миллиметр, ортосуна өзүнөн 10—15 сантиметр болгон тил чыгарылат, тилдин түп жагы ичке көзөлүп, ага 25—30 сантиметр жип тагылат. Жыгач ооз комуздун жаагын эриндин арасына коомай коюп, тилине бекитилген жипти кагуу менен уйлоп же дем тартып ойнолот. Доошу жапыз. Обон-күүлөр аткарылат.

КЫЛ КЫЯК
          Кыл кыяк — кылдуу, жаалуу музыкалык тартма аспап. Ал негизинен тулку, кулак, моюн, чара, каптама тери, кайыш, куткун, тээк, кыл, жаа жыгачынан турат. Булар озунчо даярдалып, бир тутумга керней бириктирилет.
         КЫЛКЫЯК- байыркы улуттук жаалуу тартма музыкалык аспап. Ал казактын кыл кобызы, монголдордун моринкуру менен түркүмдөш. 9—13-к. Орто Азия элдерине кеңири тараган жаалуу тартма аспаптар менен тектеш. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун. тээк ж.б. бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн сомдолуп чабылат. Уз. 65- 70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы (резонатору) тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн жаргагы менен капталат. Алдына туурасынан кичинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын аягы санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып ичке келет, башында карама-каршы эки кулагы бар. Ал ыргай, чырганак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктын тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан, куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинии жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа (смычок) менен жанып ойнойт. Кыл кыякка добушу бийик, мукам, уккулуктуу болуш үчүн эки асый жылкынын куйрук (60-70 талдан ашпаган) кылы тагылат. Адатта кылды аспапка тагарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын чайырын (дабыркайын) кайнатын сүйкөйт. Ойнор алдында кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяк түркүмүндөгү аспаптар дүйнөгө, айрыкча түрк тилдүү элдерге кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын Кыл кыягы казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, алтайлыктардын илкемнне тембри, добушу, репергуары, күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан окшош. Кыл кыяк негизинен кварта менен квинтага күүлөнөт. Анын эки кылынан бир мезгилде: төмөнкүсүнөн обондуу, жогоркусунан туруктуу добуш чыгат. Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн ннтонациясына өтө жакын. Андан адамдардын ар кандай турмушун, тарыхый, жоокерднк жүрүшүн баяндаган (баяндамалуу, программалуу) күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кошок кошкону, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын кыймылы, үнү, табигый көрүнүштөрү тууралып баяндалат.

Комментариев нет:

Отправить комментарий