вторник, 15 марта 2011 г.

Курманжан жатка

"А дүйнө кетсем мейличи,
Аман-эсен эл калсын.

Быйылкы 2011-жыл Президентибиздин буйругу менен тарыхый инсан Курманжан датканын жылы деп жарыяланды. Ошондон улам датка айым жөнүндө кызыктуу материал менен бөлүшкүм келет.


Артымда нуска кеп калсын"-деп  айткан экен Жеңижок


         Курманжан датка Ош шаарындагы Орок айылында 1811 жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Маматбай жөнөкөй дыйканчы-чарбачы адабм болгон.


         1907-ж. 1-февралда Оштон 13 чакырым жердеги Мады айылында 96 жаштагы «Алай ханышасы» жарык дүйнө менен кош айтышкан.

        Анын каттап салынган төшөгүнүн жанында үнсүз дымыраган бардык курактагы көптөгөн адамдар -көптөгөн урпактары турушту. Ал түгүл ушундай чон боз үй дагы анын бардык неберелерин, чөбөрөлөрүн жана кыбыраларын батыра албайт эле. Анын ооруп калгандыгы жөнүнлө кабар алардын көпчүлүгүн айылга келүүгө аргасыз кылган.

       Ананчы! Күйөөнү өзү тандаган аял оңойбу! Алайды башкарууну мураска алган аял. Букаранын динди бекем кармаган эмиринин колунан жогорку наам алып, Кокон ханы Кудаяр бекиткен аял генерал! Ал Зыйнат деген жашырын ат менен белгилүү акын да болгон деген кеп бар. Зор кландын негиздөөчүсү - Алай ханышасы бул дүйнө менен кош айтышып жатты.

       Анын өлгөнү тууралуу кабар бүт дубанга тез эле тарады. Бардык тараптан атчандар, жөө жаландаган адамдар келип жатышты. Махмуд бек үй ээси катары кадырлуу кишилерди күтүп алып турду. Боз үйдүн кире беришине маркумдун неберелери менен чөбөрөлөрү эки катар тизилишти. Киши келген сайын чурулдаган өкүрүк чыгып, кошок кошулуп жатты.

        Сөөк жерде эмес (адаттагыдан башкача), тактада кымкап жабылып жатты. Жанына ак падышанын белектери, датканын тушунда болгон сегиз генерал-губернатордун, ошондой эле оёз башчыларынын жана башка төрөлөрдүн тартуулары коюлган. Орус өкмөтү Курманжанга чоң урмат менен мамиле кылып, бардык расмий кагаздарында аны «датка» - башкаруучу деп көрсөтүшкөн.

         Курманжан өлгөн кезде анын 183 укум-тукумунан 98и тирүү эле (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбөрүсү жана 6 кыбырасы).


Комментариев нет:

Отправить комментарий