понедельник, 25 апреля 2011 г.

Образ библиотеки и библиотекаря в компьютерных играх

Если в книгах и кинофильмах библиотекари довольно часто изображаются «серыми мышками» или «книжными червями», то в компьютерных играх мы этого не увидели. Здесь знания, которыми обладает библиотекарь, означают могущество, власть. Здесь библиотекари способны активно менять окружающий мир. Не значит ли это, что библиотекари, как хранители информации, могут (или должны) принимать непосредственное участие в жизни  общество в целом.
http://www.library.ru/3/reflection/articles/game.php  Рекомендую, очень интересно

пятница, 22 апреля 2011 г.

Дүйнө таану

              Дүйнө таану жөнүндө айтсак, башка бир өлкөнү же бир элди тааныш үчү биринчиден анын тилин үйрөнүш керек го деп ойлойм. Деги эле азыркы учурда канчалык көп тил билсең ошончолук жакшы болот го, анткени өлкөбүгө келип жаткан ар бир улуттун өкүлдөрү менен баарлашып турууга же башка өлкөгө барсаң жок дегенде нан сурап жеп, же жаткан жериңди таап бара аласың да. Мен азыр сунуш кыла турган шилтеме бул Кытай тилин үйрөнүп жаткандар үчүн керек болот. Жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн эң кызык  шилтеме экен http://russian.cri.cn/newru/chinese/lesson01/1.html

nǐ hǎo

你 好!
Здравствуй!
*            *              *
hěn gāo xìng  rèn shi nǐ

很  高  兴   认  识 你。
Очень приятно с тобой познакомиться.

среда, 20 апреля 2011 г.

Интернет булактарынан тапсаңар болот

Керектүү шилтемелерден:
          Кээ бирөөлөр  үчүн Интернетте кыргызча текст терүү кыйынчылыка учурап жаткан болсо анда мен сиздер үчүн бул шилтемди сунуштайм. http://kg-ordo.net/keyboard/vkeyboard.html     Бул жерге кыргызча тексттерди терип туруп Интернет барагына көчүрүп барып койсоңор болот.

         Ал эми кыргыздын каада-салты, эпостору, же ырлары жана башкалар кызыктырса анда  бул шилтемге өтсөңөр болот экен. http://kyrgyzinfo.ru/category/yrlar/page/2

         Дагы бир керектүү шилтемдердин бири, бул Кыргыз Адабияты жөнүндө. "Кыргызстандын жаңы адабияты" -деген шилтеме. http://literatura.kg/public/?menu=44   Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана. Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн.

       Жаңы программалардан артта калбайын десеңер, же жаңы клиптер, кинолор, оюндар жана компьютериңердин бетине койо турган эң кооз сүрөттөрдү издесеңер анда бул шилтемеге кирип тапсаңар болот экен. Эмнелер гана жок бул жерде :) http://www.howtogeek.com/page/4/

СИЗДЕРДИН КЕРЕГИҢИЗДЕРГЕ ЖАРАЙТ ГО ДЕГЕН ҮМҮТТӨМҮН!

Боз үй жөнүндө




 


БОЗ ҮЙДYН ЖАБДЫЛЫШЫ - жыгачтан (тал), кийизден, майда жип жана кичинекей шурулардан болот. Анын жыгач бөлүгүнө (түндүк, уук, кереге, босоголдр) четинден, тал, теректен ж.б. узун шыргайларды колдонушат. Алгач уук менен керегеге жарактуу болгон жыгачтарды жасоочу жерге топтоп алат. Аларды матоодон өткөрүү үчүн (жумшартуу үчүн) корго салып жумшартып алат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен өткөрүшөт.
УУК - тистен өткөндөн кийин үйдүн чоң же кичинесине ылайык формага келтирип, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы түндүктүн алкагындагы көзөнөккө туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган өрүлгөн жип тагылат. Ууктарды кызыл жошо менен боёп, (азыр кызыл сыр менен боёп жүрүшөт) формасын өзгөртүп жибербеш үчүн, аны көлөкө жерге бир нече күн коюп кургатат.
КЕРЕГЕ - уукка караганда жасалышы татаал болот. Кергенин жыгачын да корго салып, жашытып алып тиске салып ийет. Керегенин баш жагын «ийди» менен ийип коёт. Бирок ууктукуна караганда, керегенин жыгачтары бирдей болбойт. Керегеде кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирүүгө жардам берет. Керегенин жыгачтарын 18-20 см. аралыкта кылып, көк менен (атайын териден даярдалган жип) көктоп, тор көз кылып бириктирет. Көк уйдун, төөнүн терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып, анан көктөлөт.
ТYНДYК - алкак жана чамгарак деген эки бөлүктөн турат. Алкакактуу жоон талдан, кайындан корго алып, жашытып тиске салып, андан кийин ийип, ченеп, экөөнү тууралап бирин-бирине аштап жасалат. Алкактын сырткы капталына үйдүн чоңдугуна жараша ууктардын башы киргидей көзөнөктөр (60,70,80) үшкү менен көзөлөт. Алкактын үстү жагына чамгарактын баштары кире тургандай кылып, карама-каршы багытта төрттон тµрт жагына 16 көзөнөк тешилет.
БОСОГО ТАЯК - жыгачтан жасалган эки жак босого. Бирден баш босого жана жер босого жасалат. Жыгачтан жасалган бардык жабдууларды жыгач усталар гана жасай алышат. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, үшкү, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
БОЗ YЙДY КАЛКАЛООЧУ ЧИЙ. Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден түбү менен тартып келип аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 сүйрү ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз үйдүн сырткы жабдуулары: үзүк, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жүнүнөн кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
Y3YKTYH - түндүк жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Боз үйгө алдыңкы жана арткы болуп, эки чоң үзүк жасалат. Yзүктөрдүн алды жана арты бастырык менен бекитилет.
ТУУРДУК - керегеге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген бөлүгү үйдмн ич жагынан көрүнүп турат. Боз үйдүн эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз каптайт. Эшиктин босогодон өйдөкүсү үзүктүн астында калат.
ТYНДYК ЖАБУУ – түндүккө жанаша бычылып жасалат. Анын төрт бурчуна жип тагылат. Анын бурчтарын төтөгө деп коёт.
          Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак, түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы абдан чоң. Кырчоо менен (курчоо) туурдуктарды бастырып боз үйдү айланта курчап коёт. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат.
         Кыргыз боз үйү илгертен ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл.

БОЗ YЙДY КАНТИП САКТОО КЕРЕК?
           Боз үй өтө ысык, нымдуу жерге сакталбаш керек. Өзүнүн ыгы менен ирээттеп чечип, бекем таңып, ууктун алаканын жерге, башын өйдө каратып дубалга жөлмп коюш керек. Уукту узунунан жерге таштабайт. Түндүктү өйдм илип, керегелерди узунунан тургузуп, салкын, кургак жерге сактаса көп жылга чыдайт.

УЛУТТУК ОЮНДАР

Кыз Куумай

         Оюнчулардын саны 2 кишиден турат. Оюн 1000 метрге чейин келген талаада өткөрүлөт. Оюнчулар аттарына минишип бир кыз, бир жигит болушуп дайарданышат. Оюндун шарты боюнча кыз биринчи бир метр атты чапкандай уийин жигит артынан кууп жөнөйт. Жигит кызды кууп жеткенде калпагын кызын далысына тийгизиш керек ошондо жигит жеңген болот. Кээ бир учурда жигит кызды кууп жетип бетинен өбүш керек деп да оюн башында сүйлөшүп алышат эки тарап. Кызыгы кээ жигиттер кыз куумайга түшүп, кызга жеткенден кийин ал кызды жактырып жүргөн болсо андан ары ала качып да кеткен учур болгон. Мындай учурда кыздын артынан куугунчу барган эмес.
         Ал эми жигит кызга жетпей калган учурда кыз жигитти кууган. Эгер кыз жетип алса кыз жигитти камчы менен жонго сабап марага чейин барган.
        Жеңишке жетткендердин мөөрөйүнө эң чоң нерселерди койгон. Мал-жандыктар, акчалай сыйлык, буйум-тайм жана башка оокат-тиричиликке керектүү буюмдар болгон.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ

ТЕМИР КОМУЗ
       Темир комуз — тилдүү какма музыкалык аспап. Узундугу 7—7,5 сантиметр. Ал жаак жана тилден турат. Жаагы темир, жез, күмүштөн жасалат. Темирди көөкөр формасында ийип, ортосуна курч болоттон тил жасайт. Тили добуштуу болгондой кылдат сугарылат. Жаагын мандайкы тиштерге кыпчып, оң колдун сөөмөйү менен тилин кагып күү чыгарат.
         Темир комуз көбүнчө кыз-келиндер, кай бир учурда эркек балдар да кагышат. Темир комуз менен элдик обондор менен класикалык чгармаларга чейин ойношот

ЖЫГАЧ 003 КОМУЗ
         Жыгач ооз комуз — үйлөмө тилдүү аспап. Ал сары жыгач, жылгын, шилби, ыргай жыгачтарынан узундугу 15—20 сантиметр, туурасы 2,2—5 сантиметр сызгычтай жукартылып, жукалыгы 1,5 миллиметр, ортосуна өзүнөн 10—15 сантиметр болгон тил чыгарылат, тилдин түп жагы ичке көзөлүп, ага 25—30 сантиметр жип тагылат. Жыгач ооз комуздун жаагын эриндин арасына коомай коюп, тилине бекитилген жипти кагуу менен уйлоп же дем тартып ойнолот. Доошу жапыз. Обон-күүлөр аткарылат.

КЫЛ КЫЯК
          Кыл кыяк — кылдуу, жаалуу музыкалык тартма аспап. Ал негизинен тулку, кулак, моюн, чара, каптама тери, кайыш, куткун, тээк, кыл, жаа жыгачынан турат. Булар озунчо даярдалып, бир тутумга керней бириктирилет.
         КЫЛКЫЯК- байыркы улуттук жаалуу тартма музыкалык аспап. Ал казактын кыл кобызы, монголдордун моринкуру менен түркүмдөш. 9—13-к. Орто Азия элдерине кеңири тараган жаалуу тартма аспаптар менен тектеш. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун. тээк ж.б. бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн сомдолуп чабылат. Уз. 65- 70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы (резонатору) тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн жаргагы менен капталат. Алдына туурасынан кичинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын аягы санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып ичке келет, башында карама-каршы эки кулагы бар. Ал ыргай, чырганак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктын тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан, куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинии жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа (смычок) менен жанып ойнойт. Кыл кыякка добушу бийик, мукам, уккулуктуу болуш үчүн эки асый жылкынын куйрук (60-70 талдан ашпаган) кылы тагылат. Адатта кылды аспапка тагарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын чайырын (дабыркайын) кайнатын сүйкөйт. Ойнор алдында кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяк түркүмүндөгү аспаптар дүйнөгө, айрыкча түрк тилдүү элдерге кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын Кыл кыягы казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, алтайлыктардын илкемнне тембри, добушу, репергуары, күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан окшош. Кыл кыяк негизинен кварта менен квинтага күүлөнөт. Анын эки кылынан бир мезгилде: төмөнкүсүнөн обондуу, жогоркусунан туруктуу добуш чыгат. Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн ннтонациясына өтө жакын. Андан адамдардын ар кандай турмушун, тарыхый, жоокерднк жүрүшүн баяндаган (баяндамалуу, программалуу) күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кошок кошкону, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын кыймылы, үнү, табигый көрүнүштөрү тууралып баяндалат.

вторник, 19 апреля 2011 г.

Жаратылыштын кооздугу ай

 

              Айгүл гүлү


  
           Баткен облусунда дүйнөдө сейрек кездешүүчү ажайып гүл өсөт. Илимде “Эдуард чаар гүлү” (“Петилиум Эдуарда”) деп аталган бул гүлдү жергиликтүү калк Айгүл деп аташат. Айгүл азыр гүл ачып турган убагы.
          Бул гул илимде “Рябчик Эдуарда” деген аталыш менен белгилуу болуп, 1978-жылы СССРдин кызыл китебине киргизилген.

четверг, 14 апреля 2011 г.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫНАН КЫСКАЧА





Улуттук баш кийим "Калпак" жөнүндө

 
    Кыргыз калпагы, бир караганда, жөн гана жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим катары көрүнөт.
      Кокус баш кийимиңди башка бирөөгө кийгизип же кайсы бир жерге унутуп калтырып койсоң, илгеркилер «Ой башың каякта?», «Башыңды барган жериңе калтырып келдиңби?», «Баш кийимди белекке бербейт» - деп айтышкан. Бекеринен Батыштагылар - «Кыргыз деген эл бар экен, алардын асман тиреген тоолору да, ичкен суусундуктары, баш кийимдери да ак экен» - деп суктанышпаган чыгар.
      Калпакты тигишинен сөксөк, төрт үч бурчтук (тумар сыяктуу) келип чыгат. Ал эми бириктирсек эң кубаттуу сактагыч пайда болот. Бул эң кубаттуу энергетикалык канал болуп, Космос (Аалам) менен байланыш түзүп, жаман кара күчтөрдөн, көз тийүүдөн сактоочу экранга айланат.
      Калпактын энергетикалык точкасы адамдын төбөсүнө туш келгендиктен мээнин иштөө режими жана кан басымы жакшырып, күн нурунан сактайт. Терс энергия, каардануу Калпактын чокусу аркылуу чыгып кетет. Бул да Калпактын бир кесепети. Мындан башка дагы ал эң күчтүү тумар болуп эсептелип, дилин, оюн, жүрөгүн таза жана денесин таза алып жүргөн адамдардын тагдырын жамандыктан сактап, аларды колдойт.
       Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы – от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.
        Ырас, калпактын мазмунуна сиңирилген бул маанини мындай учкай ой менен чектеп коюуга болбойт жана ал өзүнчө терең чечмелөөнү талап кылган көрүнүш., эми калпактын түсү туюндуруп турган мааниге өтөлү. Кыргыздар уул баласы балагатка жеткенге чейин, ага кыюусу жашыл калпак кийгизишкендигин билебиз, мында болсо бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат, б.а., мындай калпакты кийип турган кыргыз баласы жаңыдан жетилип келе жаткандыгын сырткары кишиге жашыл кыюусу аркылуу туюндуруп бере алган. Мындай калпакты кыргыздар балдарына балагат жашына чейин кийгизишкен да, качан бала балагат жашына келгенде, анын ордун кыюусу кызыл менен бастырылган калпак алмаштырганын көрөбүз.
         Бир караганда, анча маанилүү көрүнбөгөнү менен, чынында ал кыргыз арасында көп нерсени туюндуруп турганын, аны талдай келгенде, аныктап алабыз. Чечмелей келсек, кыргыз баласына бел куда же бешик куда болуп койбосо, мына ушул балагат жашына келген мезгилден тартып өзүнө жар издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Өз айылында кыюусу кызыл калпак кийип жүрүү анча маанилүү болбосо, башка айылга барганда, ал айылдын адамдарына, өзгөчө кыз качырып, жеңкетай жегиси келип турган жеңелерге ал көп нерсени түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, максаты бир жаштардын өз ара пикир алышуусуна кеңири шарт жараткан. Элестетип көрүңүз, айылына кызыл кыюуланган калпак кийген эки мырзанын келиши (күйөө жана күйөө жолдош) жүк бурчунда отурган кыздарды эмес, биринчи алардын жеңелерин толкундатып, алардын сынынан өткөндө гана жеңелер эки жаштын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүп беришкен. Байкап карасаңыз, мындай калпак кийип башка айылга келген мырзалар бир гана жеңелердин эле эмес, ал айылдагы бардык элдин сынынан өтүп, ошондой эле айыл ичиндеги ушакайың менен кеңири талкууга алынууга аргасыз болгон. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ болушкан. Ал эми ал мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап «күйөө баштык» даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кыюусу кара болгон калпак кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, б.а., анын турмушу ак-карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган. Алган аялы каза болуп калбаса жана коомдогу абал өзгөрбөсө, мына ушул калпакты ал өмүрүнүн аягына чейин кийип өткөн. Эгер кокусунан алган аялы каза болуп жесир калса, анын жылдыгы өтүп, кайын журту макулдугун берген соң (эгер балдары жаш болсо), ал ошол калпакты кийип өзүнө экинчи жубай издеген. Ал эми балдары чоңоюп эр жетип калган болсо, алар аталарына өздөрү айтып атасын үйлөнтүүгө тийиш болгон. Мындай жесир калган адамды туюндуруп турган калпактын төрт талаасы гана кара менен бастырылган же кара кийизден жасалган калпак болгон. Азыркы шартта калпактардын мындай мааниси көпчүлүк элдин эсинде сакталып калбагандыктан, аялынын бар же жок экендигине карабастан жөн гана жараштырып кийип жүрүшөт.
         Адамда социалдык турмуш дайыма эле бир калыпта боло бербейт эмеспи. Эгер ал адамдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен. Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен. Анткени, мындай калпак менен көп учурда уруу же урук арасындагы, бир ата менен экинчи атанын ортосундагы олуттуу маселелер чечилип келген. Экинчиден, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
       Ал эми уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз «Бакай калпак» деп атаган калпакты, балким, формасы башкача болсо да, бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен. Ар бир манаптын, же бийлик ээсинин канчалык даражасы бар экендигин калпактын кыюусуна сайылган оюу менен, дал ошол оюулардын арасына кыстарыла кеткен асыл таштар, мончоктор айкындап көрсөткөн. Кыргыздар даражасын эле эмес, байлыгын да салыштырышкан, ага терең маани берип баалап турушкан. Бирок, кыргыздын байлыгын ат жабдыктары менен өзү кийген аң терилери так-таасын айкындап бере алгандыгын билебиз. Маселен, түлкү ичик, карышкыр ичик, сүлөөсүн ичик, суусар тебетей, кундуз тебетей дегендердин ар биринин кийүүдө мааниси болгондугун көрөбүз.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫНАН КЫСКАЧА

Улуттук тамак "Бешбармак"


          Кыргыздын улуттук тамагы болгон беш бармак көп учурда кой союп казан асып эт бышыруудан башталат. Кыргызды бешбармаксыз элестетүү өтө кыйын.

Эт бышыруу
          Казан асуу-эт салуу дегенди түшүндүрөт. Казанга суу куюлуп алгач кар жилик салынып андан соң алп жиликтер түшөт. Карчыга, төш үстүнө  көмкөрүлүп аягында баш салынат. Айрым аймактарда кар жиликтен мурун башты салышат. Эт салынаар менен туз кошулуп казандын капкагын жабуу керек. Эт көөп казан кайнаганда чий көбүгүн таратпай таза алуу зарыл. Эт бир кайнагандан кийин аны үбөлүк, депкир менен аярлап оодарат. Эттин сорпосун бат-бат сапырып турса даамдуу болот. Өтө эзилте кайнатпоо керек, берекеси жок болуп калат.
Табак тартуу
         Табак тартуунун да өзүнчө мадантияты бар. Жандык сойгондо жамбаш, куймулчак,жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы катары менен өзүнчө мааниге ээ болот. Улуулата жамбашты аксакал алса, куймулчак байбичеге таандык. Андан кийинки сакалдуу адамга жото жилик (чүкөлүү жилик), кийинкиге кашка жилик туура келет. Кар жилик жолдош жилик деп саналат. Кабырга да улук деп эсептелет. Чүй, Талас, Ош тарапта баш аксакалына тартылса, Ысык-Көл, Нарын тарапта жаштарга тартылат.
Эт тууроо
         Кыргыз элинен башка улуттан эт тууроону кездештирүүгө болбойт. Этти майда тууроо- карыяларды сыйлоо. Куш тилиндей майда туурап, чык кошуп аралаштырып жегиликтүү кылуу-нарын деп аталат. Нарын кийин беш бармак деген аталышка алмашып кеткен. Элибиздин үрп-адаттарын изилдеп келген журналист агабыз Амантур Акматалиевдин жазгандарына таянсак: Нарынды  кашыксыз беш манжа менен жегендиктен орустар бул эмне тамак дешкенде беш манжасын көрсөтүп “Беш бармак” деп которушкан. Аны орустар шылдың сөзгө айлантышкан. Бара-бара нарын аты өчүп бешбармак деп айтылат. Бул ат 1925-жылдардан кийин пайда болгон” дейт.
Колго суу куюу
       Адатта эт тартылаар алдында колго эркек баланын суу куюусу шарт.
       Суулукту (кол аарчый турган майлык) сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап жылымык суусу бар кумганды оң колго кармап солдон оңду карай суу куюп чыгат. Эт желип, бата тиленип бүткөндөн соң ыкчамдатылган суу оңдон солду көздөй аяк өйдө куюлат. Балага суу куйдуруу салт. Анда конокту сыйлоо адеби жатат. Мындан бала улуулардын батасын, тарбиясын алат.