Улуттук тамак "Бешбармак"
Эт бышыруу
Табак тартуу
Табак тартуунун да өзүнчө мадантияты бар. Жандык сойгондо жамбаш, куймулчак,жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы катары менен өзүнчө мааниге ээ болот. Улуулата жамбашты аксакал алса, куймулчак байбичеге таандык. Андан кийинки сакалдуу адамга жото жилик (чүкөлүү жилик), кийинкиге кашка жилик туура келет. Кар жилик жолдош жилик деп саналат. Кабырга да улук деп эсептелет. Чүй, Талас, Ош тарапта баш аксакалына тартылса, Ысык-Көл, Нарын тарапта жаштарга тартылат.
Эт тууроо
Эт тууроо
Кыргыз элинен башка улуттан эт тууроону кездештирүүгө болбойт. Этти майда тууроо- карыяларды сыйлоо. Куш тилиндей майда туурап, чык кошуп аралаштырып жегиликтүү кылуу-нарын деп аталат. Нарын кийин беш бармак деген аталышка алмашып кеткен. Элибиздин үрп-адаттарын изилдеп келген журналист агабыз Амантур Акматалиевдин жазгандарына таянсак: Нарынды кашыксыз беш манжа менен жегендиктен орустар бул эмне тамак дешкенде беш манжасын көрсөтүп “Беш бармак” деп которушкан. Аны орустар шылдың сөзгө айлантышкан. Бара-бара нарын аты өчүп бешбармак деп айтылат. Бул ат 1925-жылдардан кийин пайда болгон” дейт.
Колго суу куюу
Адатта эт тартылаар алдында колго эркек баланын суу куюусу шарт.
Суулукту (кол аарчый турган майлык) сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап жылымык суусу бар кумганды оң колго кармап солдон оңду карай суу куюп чыгат. Эт желип, бата тиленип бүткөндөн соң ыкчамдатылган суу оңдон солду көздөй аяк өйдө куюлат. Балага суу куйдуруу салт. Анда конокту сыйлоо адеби жатат. Мындан бала улуулардын батасын, тарбиясын алат.
Комментариев нет:
Отправить комментарий