четверг, 1 января 2015 г.

Учкан уям, алтын бешик Көк-Арык.

Мен окуган мектептин гимни бар эле. Канча деген бүтүрүүчүлөр аны созуп ырдады. Бизден кийин ырдадыбы жокбу билбей калдым атын өзгөртуп салган мода болбодубу азыр.

Учкан уям алтын бешик Көк-Арык,
Балдарынды билим менен сугарып.
Талпындырып талант даамын таттырган,
Анан кантип сени ырдабай туралык.
Көк-Арык, Көк-Арык.
Уул-кызыңды били менен сугарып.

Интернетти карап отуруп жердешибиз Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин мектеби жана  өзү тууралуу жазган ырын таап алып абдан сүйүндүм. Бул ырды окуган адам Байдылда аганын башынан кечирген жакырчылыгы жана ага карабай билимге болгон умтулуусун дагы көп кызыктарды билет.

КӨК АРЫК  (Б. Сарногоев)
Көк-Арык алтын мектебим
Көп жылдар сенден четтемин.
Баягы чактай дагы эле
Бажырайтып көздөрүн,
Партаңда ойноп жүргөндүр
Балалык, тентек кездерим.
Көзүмдү ачып дүйнөнү,
Көргөзсө алгач энекем,
Биринчи «А» ны таанытып,
Билимиң берип сен эчен,
Тушоомду кескен өзүңсүң,
Туубадым эле дебесең.
Болду го жыйырма жыл ашуун,
Жетилип канат-кулачым,
Көрүшпөй алыс жүрсөм да,
Көңүлдө дайым турасың.
Киши эмес учкан куш деле
Унутпайт тура уясын...
Алыстап сенден кеткени
Аз эмес билип, көргөнүм.
Бир тобу эстен чыгыптыр,
Билбеймин азыр жөн-жөнүн,
А бирок дайым эсимде,
Алгачкы сага келгеним.
Ойдо жок «окуу» деген сөз,
Айылдан алыс капталда
Субанкул, Жусуп үчөөбүз
«Таш-казан» ойноп жатканда,
Бизди айдап алып жөнөдү,
Биялы деген башкарма.
Билбейбиз кайда барабыз...
Суроого келбейт чамабыз.
Баш бербеген торпоктой,
Балапан сары ооз балабыз.
Бүткөн бой бүткүл ботала,
Чоң тойгон киши карагыз.
Арт жакка кылчак карасак,
Айлыбыз калган алыстап.
Алпарар жери кай жакта,
Ал дагы бизге табышмак.
Калдырайт жаргак жыртык шым
Кай бирде чуркап жарышсак.
А менде болсо шым да жок,
Көйнөкчөн барам көлбөңдөп.
Алдымдан шамал үйлөсө,
Ачылат ичим чердеңдеп,
Каткыра сүйлөйт башкарма,
Кайсы апаң тигип берген деп.
Ошентип келип акыры
Өзүңө жеттик Көк-Арык
«Окууну жакшы окуган 
Өкүмөт болот» деп алып,
Башкарма кетти жайына
Баарыбызды өөп алып.
Көк-Арык сенин көркүңдү,
Көргүбүз келип даа кайра,
Классын менен залыңды
Кызыга тиктеп далайга,
Жолуктук дедик чын эле,
Жомоктон уккан сарайга.
Былтыркы бойдон жуубаган,
Бутубуз кычы капкара.
Шымым жок чоочун балдардан,
Уялып улам жалтана.
Окшошуп эки дос менен
Олтурдум барып партаңа.
Эсте жок атын билбедим,
Эжемдей болгон бир келин
Доскага «А» деп жазды да,
Токтото калды сүйлөмүн.
Саржанга окшош экен деп,
Шашылып ичтен сүйлөдүм.
Жазарда жалгыз тамганы,
Жан-алым калбай сүйүндүм.
Калемди кармап колума,
Кагазга алгач үңүлдүм.
Эстесем ошол «А» тамга
Эшиги тура билимдин.
Бар болсо ошол эжекем,
Барчындай учуп жетсем дейм,
Баягы балаң менмин деп,
Башымды ийип өтсөм дейм.
Ак буурул тарткан чачынан
Апамдай сүйүп өпсөм дейм.
Башкарма эсен бар болсо,
Кабарым эчак билгендир.
Көз ачып билим алууда
Көмөгү тийген бирден-бир,
Ойлосо шымсыз кезимди
Өзүнчө күлүп жүргөндүр.
Арасы бир топ чакырым,
Ал кезде айлым ыраакта.
Шашылып туруп кийинип,
Сабагым окуп бир азга,
Тампайып үйдөн чыкчу элем
Таңга маал болгон убакта.
Калбастан ээрчип артымдан,
Кааласа кай бир кездерде,
Узун куйрук Балтегим
Узатып келип көп жерге,
Айникейлүү ал урган
Арт жакка кайра кеткенде,
Кар баскан таштар алдында,
Карышкыр сымак кубарган,
Кара тер басып денемди,
Калтырап улам уламдан,
Көөнүмө түшүп көп нерсе
Коркчу элем каран-курандан.
Эл кийген кийим менде жок
Эне, атам карган чагы эле.
Эчен жыл кийип эскирген,
Таар көйнөгүм бар эле.
Жаныма баткан жармачтык
Жадыма түшөт дагы эле.
Чокоюм майрык чолчоюп,
Кийизден салган таманды.
А көгү болсо шоонадан,
Чындыкты калп деп танамбы.
Бапестеп байпак ордуна,
Салчу элем өлөң, саманды.
Шоона, көк түтпөй кырчылып,
Таманы күндө жыртылып,
Батегим чууруп жол бою
Ордуна калчу муз туруп,
Көргөндө кейип атакем,
Кетерсиң дечү кыш чыгып.
Ошентип жүрүп Көк-Арык,
Окудум сенден көп жылы.
Унуттум далай көргөндү,
Унутуу кыйын эч муну...
Кайгырып кетем ойлосом,
Капкачан өткөн кезди бу.
Кезектешип кээ бирде,
Жашырып жаап кемтигим,
Апамдын эски күрмөсүн
Айла жок кийип келчүмүн.
Окуудан кайра барганда,
Өзүнө чечип берчүмүн.
Жаз жаңыдан келгенде,
Жаткан кар эрип, суу агып,
Окшошкон жашык чокойду
«Отпускага» чыгарып,
Келерки кышта кием деп,
Кетчүмүн ичтен кубанып.
Балама айтсам аларды
«Бардыгы жалган жомок — дейт,
Жаргак шым, батек, шоонанын
Өң-түсү кандай болот — дейт,
— Чын сүйлөйт десем атамды
Калп айтып кээде коёт» — дейт.
Анысы туура баламдын,
Көргөн турмуш жапасын.
Кудуңдап эрке чоңойду,
Курсактын тартпай капасын.
Шоколад соруп, шат жүргөн
Өзүндөй көрөт атасын.
Агай аз, анда эже көп,
Аламат согуш убагы.
Окутуп бизди ошолор
Билимге билим улады.
Кайратын катын, баланын
Катаал жыл өзү сынады.
Борсойгон боорсок токочту
Өң эмес түштө көрбөдүм.
Кезээрип кардым ачса да
Кечикпей сага келгемин.
Талпынтып көккө учурар,
Таалайым жалгыз сен дедим.
Адабий кызык китептер
Аз эле анда саны абдан.
«Эр Төштүк» менен «Кедейкан»,
Эрте-кеч чыкпай санаамдан,
Кетчү эмес элем окуйм деп
Кенедей китепканаңдан.
Партаңда кээде түнөдүм
Багуусуз калган адамдай.
Үшүткөн жоксуң үйрүлүп
Ичиңден чыккан балаңдай.
Билерсиң өзүң ошондо,
Бир топ ыр жаздым сага арнай.
«Көк-Арык» менин мектебим,
Көп акын болуп кетпедим.
Ойнотуп кызыл тилимди,
Осмонкулга жетпедим»
— Калганы эстен чыгыптыр,
Калтырып кеттим көп жерин.
Турдуң да карап анда сен
Тилекке жеткин дегенсип,
Сүйкүмдүү энем сыяктуу
Сүйлөдүң кошо мени ээрчип,
Акын да кылган өзүңсүң,
Алгачкы шыгым көбөйтүп.
Кээ бирде чыгып өзүңдөн
Жол жүрүп үйгө жетпестен,
Кулаган-Таштын ичинен
Киргенче күүгүм кетпестен,
«Кудайым акын кылгын» деп
Жалынгам жогун сезбестен.
Аң-сезим өсүп жете элек,
Акылсыз бала кезегим.
Жаңыртып тоону, асманды
Кардыккан экен бекер үн.
Мен сүйгөн билим, таланттын
Билбепмин жерде экенин.
Эсинде бардыр, Көк-Арык,
Кышкы суук жерде кар калын.
Эне-атам өлүп удаалаш
Эңгиреп жетим калганым.
Ошондон тартып өзүңө,
Окуйм деп күндө барбадым.
Үй ичи окшоп мүрзөгө
Үшкүрдүм ыйлап дембе-дем,
Жонума минип жокчулук,
Жорукту көрдүм көрбөгөн.
Кабагым бүркөө, кардым ач,
Кайгымды айттым желге мен.
Фронтко кеткен күйөөсү,
Бир турчу эжем биз менен.
«Жигит да ыйлайт бекен» деп,
Жылмайып жылуу жүз менен,
Мен үчүн дайым кам көрүп,
Мен үчүн бакыт издеген.
Кибиреп кебээ козудай,
Күн өткөн сайын арыктап,
Тууган жер, турган үйүмдөн
Кандайдыр көөнүм калып бат,
Олтурсам дагы, турсам да,
Ойлонто берди алыс жак.
Эжекем менен сырдашып,
Эрте-кеч ичте сырымды,
Фрунзе шаарга барсам деп
Бүт бойдон оюм бурулду.
Тамакка, жолго жетерлик
Даярдап алдым тыпынды.
Көз жумган ата, энемдин
Көрүнө келип баш уруп,
Тирилип тура калса деп
Түңүлбөй көпкө акыйып,
Ачуу жаш менен бетти жууп,
Алдым да эки, үч бакырып.
Өзүнө келип, Көк-Арык
Өткөндү турдум эскерип,
Жашыл бак менен жарашып,
Жаркырайт түсүн өзгөрүп.
Кыя албай кылчак карадым
Коштошо турган кез келип.
Мээримин төгүп сен дагы
Мени эле карап турасын.
От болуп денем бир кезде
Оргуштап кайрат, кубатым,
Тууруңдан учтум алыска,
Дүрмөтүн болуп бир атым.
Ал кезде түркөй баламын
Айылдан сыртка чыкпаган.
Машина үнүн уксам да
Паровоз үнүн укпагам.
Келгенде Жамбыл шаарына
Керемет болду бүт маган.
Көп жерде эки-үч кабат үй,
Көзүмдү албай тиктедим.
Окшогон кооз жай экен
Өңүм го эмес, түш дедим.
Ошентип билбей калыпмын,
Поездге кандай түшкөмүн.
Көз жеткис жайык талааны
Көргөзүп барат терезем.
Арт жакта калды көп кыштак,
Арт жакта калды көп өзөн.
Картасы чакан болсо да
Жер өзү чексиз кең экен.
Бурулдап буурул түтүнү
Көмүрдөн тоё жеп алып,
Ар секунд сайын кайталап,
Атынды сенин, Көк-Арык,
Вагондор зуулап баратты
Паровоз «күш-күш» дем алып.
Уламдан улам узарып,
Жол түгөнбөйт жердеги.
Ойлонгон сайын ойлонтуп,
Ой түгөнбөйт мендеги.
Баягы тилек, үмүттөр
Башыма тынчтык бербеди.
Бакырган сайын күчтөнгөн
Паровоз тизгин жыйдыбы...
Вокзалга келип токтоду,
Басаңдай түшүп кыймылы.
Көксөгөн шаарым көргөндө
Көзүмдүн жашы ыргыды.
Жан жагым катар бийик үй,
Жалтырак жолдо барамын.
Далай эл өтөт көчөдөн,
Такыр жок тааныш адамым.
Кейип да коём ичимден,
Кеч кирсе кайда каламын...
Көк-Арык, өзүң окуткан
Көп балдар мында бар эле.
№ 5 кыргыз мектепте
Окуп жаткан чагы эле.
Аларды кантип табам деп,
Аптыгат жүрөк дагы эле.
Шалпая басып баратам,
Сан ойлор түшүп санаама.
Капилет экен ал оюм,
Калбадым үйсүз талаада.
Капыстан калдым жолугуп,
Кадыркул деген балага.
«Ай эмес жылдан ашты го
Айылдан мында келгенин.
Тепкедей кезден бир өскөн,
Теңтушум элең сен менин.
Жазуучулар Союзун
Жаңылбай таап бер» дедим.
Союзга барсак топ киши,
Салам айттым баарына.
Көпчүлүгү көз салат,
Көйнөк, шымдын тарына.
«Жол жүрүп келген баламын
Жолуксам—дедим—Аалыга»
Ак саргыл киши балкайган,
«Атыңыз ким» деп тергеди.
«Арызыңыз болсо айтыңыз,
Аалы деген мен»—деди.
Жылуу сөз мындай укпагам,
Жүн чыгып башка көргөнү.
Аптыкпай кайрат жыйдым да,
Айтылчу сөздү бек айттым:
«Талантым ташып чыдатпай
Таластан келдим»—деп айттым
Жебиреп улам кайталап,
Жетимдик жагым көп айттым.
Олтурду жаңкы кишилер,
«Оку» деп жазган ырымды.
Шыдырата баштадым
Шыр тартып коюп мурунду.
Бирдеме чыгат мындан деп,
Бир тобу мага бурулду.
Акыйкат менен сынга алды,
Алашем кеткен жеримди.
Уйкашы дурус экен деп,
Улашып кээде көңүлдү,
Бардыгы менин көзүмө
«Пайгамбар» болуп көрүндү.
Осмонкул болчу тилегим,
Ошондон тартып жанданды.
Журналга ырым бастырып,
Беришти бир топ жардамды.
Таптаза кийим кийинип,
Таштадым эски чалбарды.
Оюнда бардыр, Көк-Арык
Чиймелеп дептер барагын,
Олтуруп алып партаңа
Ой-тоону кошкон жамагым,
Жамак да болсо ал ырдан,
Жаралды туңгуч кадамым.
Окудум шаардык мектепте,
Окудум алыс сыртта да.
Таалайлуу кылып бардыгы
Тарбия берип чыкса да,
Көңүлгө түшөр биринчи,
Көк-Арык деймин түз гана.
Мен тургай эчен балдарың,
Менчилеп сени сүйүшөөр.
Баарыбыз учкан уя деп,
Баркыңды дайым билишер.
Эрте-кеч доска, партаңды,
Эстешип коюп жүрүшөр.
Жетилген жеткинчектериң
Түрлүүсү түрлүү кесипте.
Канатын күүлөп учуруп,
Калтырган жоксуң өкүттө.
Каламын сени көргөнсүп,
Кай бири кээде кезиксе.
Канаты куштун талса да,
Канаты талбайт жылдардын.
Мезгилди минип камчылап,
Таскагын салат буудандын.
Түн, күндөр сансыз сабы окшойт,
Түгөнбөс төкмө ырлардын.
Көк-Арык, сенден кеткеним
Көп болгон экен санасам.
Чай кайнап эле өткөнсүйт,
Санабай туруп карасам.
Кыялым дале кырчындай,
Кырып бирок баратам.
Атайлап эки, үч жыл мурун
Алыстан сага барганмын.
Бир тобун көрдүм ал жерден,
Бирге өскөн теңтуш балдардын.
«Келечек жаштардыкы» деп
Кеп сүйлөшсө таңгалдым.
Алп жигит болот дедиртип,
танган он беш жашынан,
«Улгайдым күчүм кайтты»—дейт
Баягы балбан Асыран. 
Рысбек болсо ырас деп,
Ак талын сууруйт чачынан.
Жолдошум болгон бир кезде,
Жолдошбек жоош бала эле.
Эртерээк бырыш кириптир,
Эзилиңки сары эле.
Бакылдайт курбум Субанкул,
Балалык кездей дагы эле.
Бакас деген бир курбум,
Малчы болуп алыптыр.
Буденныйды туурайм деп,
Мурутун коюп салыптыр.
Мүнөзү бирок баладай,
Мурунку бойдон калыптыр.
Байкасам сени, Көк-Арык,
Баягы кезиң өзгөрүп,
Көрүндүң менин көзүмө
Кичире түшкөн кейиптенип.
Кичирсең деле билгизбей,
Балдарың турду көрк берип.
Замандын ээси бөбөктөр,
Саламын айтып күлүңдөйт.
Окшошкон кызыл жагоолор.
Чуркашса желге дирилдейт.
Карап туруп аларды,
Канткенде жүрөк сүйүнбөйт!
Жүрүшөт окуп жайдары,
Жүдөңкү тарткан түрү жок.
Жүздөгөн бала ичинен,
Жупуну кийген бири жок.
Абайлап тиктеп олтурсам,
Айрыгы тургай кири жок.
«Соолгон согуш кезинде
Чыт түгүл бөзгө зар элек.
Ал эмес башка кийгенин,
Андагы көйнөк кана—деп
— Азилдеп коёт Субанкул
Азыр жок шымсыз бала»—деп.
Бырс күлө жаздап токтолуп,
Бир ойго дароо байланам.
Бышыктоо үчүн дагы бир,
Билимин мага арнаган,
Пионер болуп партаңа,
Олтургум келет кайрадан.
Жөө жомок жөндөп айтпадык,
Жолдоштор менен бир кезде.
Азыркы балдар биз эмес
Алышпай катаал күндү эске,
Көңүлүм эргийт асманга,
Космостон баштап сүйлөшсө.
Жолунда турган сагалап,
Жолбун ит экен жокчулук.
Келтиргис кылып экинчи,
Келтирдик аны жок кылып,
Дүйнөнүн көркү турбайбы
Тынччылык менен токчулук.
Эмдики эрке жаштарды,
Өнөрдүн күтөт көп түрү.
Керектүү шарттын барынан,
Кем-карчы эмес эч бири.
Өзү эле начар болбосо,
 «5» ке окуй турган мезгили.
Көк-Арык, сенин колуңдан
Көппү, азбы алган билимим.
Тарбия бердиң далайга,
Далайдын тамчы биримин.
Мекенге, элге канатташ
Мезгилдер сынаар күлүгүн.
Көзүмдүн курчу, Көк-Арык,
Эмгегиң дайым көңүлдө.
Кара жер үстү канча кен
Жүрсөм да кайсы ченинде,
Унутам мүмкүн өзүмдү,
Унутпайм сени өмүрдө.
Мугалим болсоң «Агай» деп
Чакыраар элем сыйыма.
Жазганым жетээр жаңылбай,
Ыраазы болгун ырыма.
Улан, кызды уяңдан
Учура бергин жылына.

четверг, 25 декабря 2014 г.

Кызык окуя болду. Бул блогду унутуп калган экем, кыргызча сайттардын каталогу дегенден капысынан таап алдым. Карап көрсөм дагы деле ишеп жатат окшойт  :-)  Эмне кылсам????....

четверг, 16 июня 2011 г.

понедельник, 25 апреля 2011 г.

Образ библиотеки и библиотекаря в компьютерных играх

Если в книгах и кинофильмах библиотекари довольно часто изображаются «серыми мышками» или «книжными червями», то в компьютерных играх мы этого не увидели. Здесь знания, которыми обладает библиотекарь, означают могущество, власть. Здесь библиотекари способны активно менять окружающий мир. Не значит ли это, что библиотекари, как хранители информации, могут (или должны) принимать непосредственное участие в жизни  общество в целом.
http://www.library.ru/3/reflection/articles/game.php  Рекомендую, очень интересно

пятница, 22 апреля 2011 г.

Дүйнө таану

              Дүйнө таану жөнүндө айтсак, башка бир өлкөнү же бир элди тааныш үчү биринчиден анын тилин үйрөнүш керек го деп ойлойм. Деги эле азыркы учурда канчалык көп тил билсең ошончолук жакшы болот го, анткени өлкөбүгө келип жаткан ар бир улуттун өкүлдөрү менен баарлашып турууга же башка өлкөгө барсаң жок дегенде нан сурап жеп, же жаткан жериңди таап бара аласың да. Мен азыр сунуш кыла турган шилтеме бул Кытай тилин үйрөнүп жаткандар үчүн керек болот. Жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн эң кызык  шилтеме экен http://russian.cri.cn/newru/chinese/lesson01/1.html

nǐ hǎo

你 好!
Здравствуй!
*            *              *
hěn gāo xìng  rèn shi nǐ

很  高  兴   认  识 你。
Очень приятно с тобой познакомиться.

среда, 20 апреля 2011 г.

Интернет булактарынан тапсаңар болот

Керектүү шилтемелерден:
          Кээ бирөөлөр  үчүн Интернетте кыргызча текст терүү кыйынчылыка учурап жаткан болсо анда мен сиздер үчүн бул шилтемди сунуштайм. http://kg-ordo.net/keyboard/vkeyboard.html     Бул жерге кыргызча тексттерди терип туруп Интернет барагына көчүрүп барып койсоңор болот.

         Ал эми кыргыздын каада-салты, эпостору, же ырлары жана башкалар кызыктырса анда  бул шилтемге өтсөңөр болот экен. http://kyrgyzinfo.ru/category/yrlar/page/2

         Дагы бир керектүү шилтемдердин бири, бул Кыргыз Адабияты жөнүндө. "Кыргызстандын жаңы адабияты" -деген шилтеме. http://literatura.kg/public/?menu=44   Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана. Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн.

       Жаңы программалардан артта калбайын десеңер, же жаңы клиптер, кинолор, оюндар жана компьютериңердин бетине койо турган эң кооз сүрөттөрдү издесеңер анда бул шилтемеге кирип тапсаңар болот экен. Эмнелер гана жок бул жерде :) http://www.howtogeek.com/page/4/

СИЗДЕРДИН КЕРЕГИҢИЗДЕРГЕ ЖАРАЙТ ГО ДЕГЕН ҮМҮТТӨМҮН!

Боз үй жөнүндө




 


БОЗ ҮЙДYН ЖАБДЫЛЫШЫ - жыгачтан (тал), кийизден, майда жип жана кичинекей шурулардан болот. Анын жыгач бөлүгүнө (түндүк, уук, кереге, босоголдр) четинден, тал, теректен ж.б. узун шыргайларды колдонушат. Алгач уук менен керегеге жарактуу болгон жыгачтарды жасоочу жерге топтоп алат. Аларды матоодон өткөрүү үчүн (жумшартуу үчүн) корго салып жумшартып алат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен өткөрүшөт.
УУК - тистен өткөндөн кийин үйдүн чоң же кичинесине ылайык формага келтирип, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы түндүктүн алкагындагы көзөнөккө туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган өрүлгөн жип тагылат. Ууктарды кызыл жошо менен боёп, (азыр кызыл сыр менен боёп жүрүшөт) формасын өзгөртүп жибербеш үчүн, аны көлөкө жерге бир нече күн коюп кургатат.
КЕРЕГЕ - уукка караганда жасалышы татаал болот. Кергенин жыгачын да корго салып, жашытып алып тиске салып ийет. Керегенин баш жагын «ийди» менен ийип коёт. Бирок ууктукуна караганда, керегенин жыгачтары бирдей болбойт. Керегеде кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирүүгө жардам берет. Керегенин жыгачтарын 18-20 см. аралыкта кылып, көк менен (атайын териден даярдалган жип) көктоп, тор көз кылып бириктирет. Көк уйдун, төөнүн терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып, анан көктөлөт.
ТYНДYК - алкак жана чамгарак деген эки бөлүктөн турат. Алкакактуу жоон талдан, кайындан корго алып, жашытып тиске салып, андан кийин ийип, ченеп, экөөнү тууралап бирин-бирине аштап жасалат. Алкактын сырткы капталына үйдүн чоңдугуна жараша ууктардын башы киргидей көзөнөктөр (60,70,80) үшкү менен көзөлөт. Алкактын үстү жагына чамгарактын баштары кире тургандай кылып, карама-каршы багытта төрттон тµрт жагына 16 көзөнөк тешилет.
БОСОГО ТАЯК - жыгачтан жасалган эки жак босого. Бирден баш босого жана жер босого жасалат. Жыгачтан жасалган бардык жабдууларды жыгач усталар гана жасай алышат. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, үшкү, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
БОЗ YЙДY КАЛКАЛООЧУ ЧИЙ. Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден түбү менен тартып келип аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 сүйрү ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз үйдүн сырткы жабдуулары: үзүк, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жүнүнөн кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
Y3YKTYH - түндүк жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Боз үйгө алдыңкы жана арткы болуп, эки чоң үзүк жасалат. Yзүктөрдүн алды жана арты бастырык менен бекитилет.
ТУУРДУК - керегеге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген бөлүгү үйдмн ич жагынан көрүнүп турат. Боз үйдүн эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз каптайт. Эшиктин босогодон өйдөкүсү үзүктүн астында калат.
ТYНДYК ЖАБУУ – түндүккө жанаша бычылып жасалат. Анын төрт бурчуна жип тагылат. Анын бурчтарын төтөгө деп коёт.
          Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак, түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы абдан чоң. Кырчоо менен (курчоо) туурдуктарды бастырып боз үйдү айланта курчап коёт. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат.
         Кыргыз боз үйү илгертен ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл.

БОЗ YЙДY КАНТИП САКТОО КЕРЕК?
           Боз үй өтө ысык, нымдуу жерге сакталбаш керек. Өзүнүн ыгы менен ирээттеп чечип, бекем таңып, ууктун алаканын жерге, башын өйдө каратып дубалга жөлмп коюш керек. Уукту узунунан жерге таштабайт. Түндүктү өйдм илип, керегелерди узунунан тургузуп, салкын, кургак жерге сактаса көп жылга чыдайт.