четверг, 14 апреля 2011 г.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫНАН КЫСКАЧА


Тушоо кесүү тойу

         Бала бир жашка чыкканда тушоо тою берилет. Ага үй ээси тууган-уруктарын, жоро-жолдошторун чакырып той баштайт, анын негизги максаты жаңы баскан баласынын жолу шыр болсун, турмушта тоскоолдуктар аз болсун деген эле ниет. Баланын бутун ала жип менен кайчылаштырып байлап туруп ата-энеси кармап турат. Жип ак менен кара жүндөн чыйралып жазалышы керек. Тойдо жаш балдарды чуркатып биринчи келген бала жаңы бычак менен баланын бутундагы ала жипти кескен да биринчи келген бала менен экинчи келген бала, кичине баланы жетелеп жолун шыр болсун тай, тай, тай деп басышкан. Озуп келген балдарга соз жок ар кандай белек-бечкектерди беришкен. Андан соң чоңдор чуркашкан.
     Той аягында аксакалдар балага бата берип той жыйынтыкталган.

Комментариев нет:

Отправить комментарий