четверг, 14 апреля 2011 г.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫНАН КЫСКАЧА

Нооруз жөнүндө сөз кылгандан соң кантип сүмөлөк тууралуу айтпай кетебиз.
Сүмөлөк кайдан чыккан?


          Ар жылы жаңырып турган Нооруз майрамында сүмөлөк жасоо элибиздин тээ илгертен калга жакшы бир адаты экени баарыбызга маалым. Сүмөлөксүз майрамдын да шааниси жок. Мына yшул сүмөлөктүн эмне үчүн сүмөлөк аталып калгандыгы, анын качан жана эмне себептен пайда болгону туурасында карыяларыбыз өзгөчө жакшы билет. Түркүн түрдүү легендаларда окуя мындай болгон экен:
        Өткөн бир заманда көп балалуу жалгыз жесир болот. Ал балдарын эптеп багып жүрүп, бир күнү берерге ашы да калбай калат. Айласын таппай ары барат, бери келет... Балдары курсагым ачты деши ансайын озондоп ыйлашат, алар менен кошулуп өзү да ыйлайт. Анан эч арга калбай калганда, чоң казанды кемегеге асып, ичине таш салып, суу куюп, алдына от жагат. Балдарына "азыр бышат" де сооротуп, уктатат. Жесир аял таң атканча казандын алдындагы отту өчүрбөй карап отурат. Ошентш улам ыйлап, улам сооронгон балдарына "эмне тамак берем?" деп, жаны кейип, Кудайга жалыны отуруп, таңга жуук көзү илинип кетет. Эртең менен ойгонуп, балдарынын ачка отурганын көрөт да "тамак бышты" деп, баягы дымдап жаап койгон казанын ачат. Ача салып, ичиндеги ашты көрүп, көргөн көзүнө ишенбейт. Баягы салган таштар ашка айланып калыптыр.
        Ошентип, баягы жесир аял балдарын ошол керемет тамак менен тойгузган экен. Көрсө, таңга жуук көргөн түшүага аян берет. Анда, балдарыңа бейиштин тамагынан жасап бер дейт. Анткени, бул тамакты жасоо үчүн эч кандай оорчулук жок экен. Болгону анын ичиндеги бардык нерселер бизди курчап турган айланабызда бар. Алар: буудай, жаңгак, мейиз, жер жаңак, күрүч ж.б. Сүмөлөк дал ушул нерселерден жасалат. Анан абдан ток болот. Аны жеген соң нандын да, башканын да кереги жок. Ал эми сүмөлөк деп аталып калышынын себеби, аны таң атканча аралаштырып отуруп, ал коюланган сайын сүмөлөнүп, өрүк кашыкка оролуп калганынан улам чыккан дешет.
Сүмөлөктүн жасалышы:
         Сүмөлөккө 7 азык кошулат: өндүрүлгөн буудай, жаңгак, жер жаңгак, күрүч, мейиз, өрүк как, ун (сызгырылган куйрук майы, кээ жерлерде нават, сары май кошулат).
Сүмөлөк тай казанда жасалат. Бышыруу мөөнөтү 12 саат.
          Биринчи тай казанды сызгырылган куйрук майы менен майлап сүрүп чыгуу керек. Андан соң өнүп чыккан буудайды эт өткөргүчтөн өткөрүп, ага суу куюп, сүзүп алабыз да казанга салабыз. Ошондой эле жаңгак менен жер жаңгакты да абдан майдалап үстүнө кошобуз. Мурда эле ысык сууга көптүрүлүп койгон күрүчтү салып, анан сууга чыланган мейиз, өрүк какты эт өткөргүчтен өткөрүп алуу керек. Ун чайып баарын бирдей өрүк кашык (же жаңгак кашык) менен көөлөй аралаштырып, 12 саатка жакын майда отто боркулдатып кайнатабыз. Сүмөлөк даяр болгондо анын түсү коңур күрөң тартылып, даамы татуу болуп калат. Сүмөлөктүн ар бир компонентин кошкон сайын жана ал бышканга чейин аны жасап жаткан адамдар өз тилектерин айтышат. Бул каалоо-тилектер кийинки Нооруз майрамы келгенге чейин аткарылат деген ишенич да бар.

Комментариев нет:

Отправить комментарий